Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массалары Бишкек-Ош, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Казарман – Актал-Чат унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Кыргызстанда орточо айлык 17 миң 966 сомду түзөт

Кыргызстанда орточо айлык 17 миң 966 сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, 5 пайызга аз, — дешти Экономика жана каржы министрлигинен.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда эң эле көп айлыкты каржылык ортомчулук, камсыздандыруу, маалымат жана байланыш, ошондой эле кен казуу тармактарынын жумушчулары алат. Алардын маянасы 35… Кененирээк…

Бишкек мэриясынын чиновниктери аз камсыздалган жарандарга арналган батирлерди ээлеп алышканы аныкталды

Бишкек мэриясынын чиновниктери аз камсыздалган жарандарга арналган батирлерди ээлеп алышканы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ар кандай себептер менен мураскерге эмес, мамлекет эсебине өтүүгө тийиш болгон 6 батирде муниципалитеттин кызматкерлери жашап жүргөн.   Дагы 29 батирде жашап жүргөндөрдүн аты-жөнү… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун баасын туруктуу кармоо үчүн мунай иштетүүчү заводдорго 1,3 миллион тонна мунайзат жеткирүү зарыл

Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун баасын туруктуу кармоо үчүн мунай иштетүүчү заводдорго 1,3 миллион тонна мунайзат жеткирүү зарыл. Бул тууралуу Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жарыялады.   Анын айтымында, учурда өкмөт бул суроо боюнча сүйлөшүүлөрдү Казакстан жана Өзбекстан менен жүргүзүүдө. Турдубаев белгилегендей, өткөн жума ичинде эле… Кененирээк…

Коронавируска каршы эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталат

Коронавируска каршы эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Учурда Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө түйүндөрүндө вакцина даярдалып жатат.   Биринчи этапта эмдөө тез жардамда, “кызыл зонада” иштеген, оорулуулар менен түздөн-түз байланышта боло турган медицина кызматкерлерине, мугалимдер жана коргоо… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык,  кечки саат 5ке чейин жарык Сүйөркулов, Малдыбаев, Тоголок Молдо, Киев, Логвиненко көчөлөрүндө, Чүй проспекинде жана Көлмө конушунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо жыйынтыкталды

Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо жыйынтыкталды. 420 айылдык кеңештеги 7 миң 560 мандатка 18 миң 772 талапкер катталды. Алардын 5 миңден ашыгы аялдар. 63 талапкер шайлоолорго саясий партиялар менен аттанса, басымдуусу өзүн өзү көрсөткөндөр.   Эң көп талапкерлер Ош облусунун Чоң-Алай районунда, Жалал-Абаддын Сузак районунда жана… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы карыздын негизги суммасын төккөндөрдүн туум, санкция жана айыптардын 150 миллион сомдон ашыгын кечти

Мамлекеттик салык кызматы карыздын негизги суммасын төккөндөрдүн туум, санкция жана айыптардын 150 миллион сомдон ашыгын кечти.   Ведомство маалыматына ылайык, кеп өткөн жылдын августунан азыркы мартка чейинки мөөнөт тууралуу болуп жатат.   Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Кыргызстанда камсыздоо төлөмдөрүнүн негизги суммасын 1-июлга чейин… Кененирээк…

Кыргызстан жарандарынын айрым категориясы ID-паспортту акысыз ала алат

Кыргызстан жарандарынын айрым категориясы ID-паспортту акысыз ала алат.   Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, кеп 16 жашка чыга элек өспүрүмдөр, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, жетимдер, 70ке чыккан пенсионерлер жана Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен окуяларынын катышуучулары тууралуу болуп жатат.   Документтерди берүү кампаниясын ведомство 1-майдан 31-августка… Кененирээк…

Гонконгдо Pfizer вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулду

Гонконг бийлиги коронавируска каршы Pfizer вакцинасын колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, мындай чечим кытайлык «Fosun Pharma» дистрибьютору тарабынан ампуланын капкактарындагы кемчиликтер табылгандыгына байланыштуу кабыл алынгандыгы белгиленди. Компания Pfizer менен дарыны иштеп чыгууга жардам берген Германиянын «BioNTech»… Кененирээк…