Бишкекте жолдорду оңдоого тоскоол болгон 1 миңден ашык объекти алынат

Бишкекте жолдорду оңдоого тоскоол болгон 1 миңден ашык объекти алынат. Мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азамат Кадыров билдиргендей, өз аймагынан чыгып кеткен объектилер түрттүрүлөт. Алар көбүнчө чарба субъектилери, тосмолор, дубалдар жана жеңил конструкциялар. Кадыров белгилегендей, иштерди жүргүзүүгө айрым тургундар каршы чыгып жатат. Эгер… Кененирээк…

Талас облусунда жер титирөө катталды

Талас облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн таңда болгон зилзаланын күчү очогунда 4 баллга жетти. Жердин силкинүүсү Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чектөөлөр уланат

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чектөөлөр уланат. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, бүгүн республикалык штаб той жана үйлөнүү-үлпөттөрдү өткөрүүгө тыюу салуу чечимин карайт. Андан кийин, расмий маалымат берилет. Эске салсак, буга чейин коронавируска кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыктан Бишкектеги коомдук унааларда санитардык нормалар күчөтүлдү. Соода борборлорундагы балдар… Кененирээк…

Дүйнөгө таанымал Лувр музейинин 482 миң искусство чыгармасы онлайн форматта жарык көрдү

Дүйнөгө таанымал Лувр музейинин 482 миң искусство чыгармасы онлайн форматта жарык көрдү. Коллекциянын онлайн архиви дайым жаңыланып, көбөйүп турат. Сайтка смартфон жана компьютер аркылуу ар бир адам кире алат жана ал үчүн атайын төлөм алынбайт. Эске салсак, Лувр пандемиядан улам 2020-жылдын аягынан бери көрүүчүлөргө жабык

Ош облусунун Төлөйкан айылында жаңы бала бакча пайда болот

Ош облусунун Төлөйкан айылында жаңы бала бакча пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, бакчанын курулуш иштерине тендер жарыяланды. 60 орундуу мектепке чейинки даярдоо мекемесин салууга жалпысынан 35 миллион сом багытталат. Тапшырмага ылайык, бала-бакча эки жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек.

Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда коронавируска каршы чара көрүлөт

Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда коронавируска каршы чара көрүлөт. Кабыл алынган чечимдер Республикалык штабдын жыйынынан кийин жарыяланат, — деп билдирет саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, штабга ар бир район эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат берип турат. Ага жараша жергиликтүү… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 86 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 86 адам коронавирустан айыгып чыкты. Алар Бишкекте – 44, Ошто — 3, Чүйдө – 25, Нарында – 1, Ысык-Көлдө – 13,  — дешти республикалык штабдан. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан тартып 84 миң 809 адам ковидди жеңип чыкты.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош, Суусамыр – Талас -Тараз, Каракол-Эңилчек, Ала-Бука – Жаңыбазар — Кировка, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Бишкек – Нарын — Торугарт, Казарман – Актал — Чат, Ош… Кененирээк…

Япониянын футбол боюнча курама командасы Монголияны 14:0 эсебинде жеңди

Япониянын футбол боюнча курама командасы Монголияны 14:0 эсебинде жеңди. Оюн Дүйнө чемпионатын тандоо турунун алкагында Японияда өттү. Учурда «F» тайпасында 15 упай менен Япония алдыда баратат, экинчи сапта 10 балл менен тажикстандыктар болсо, кыргызстандыктар жети упай менен үчүнчү орунда. Мьянмада алты балл, Монголия үч упай… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда социалдык комплекс ачылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда социалдык комплекс ачылды. Анын аймагында 90 орундуу бала бакча, тигүү цехи, жатакана жана нан бышыруучу ишкана бар. Ошондой эле бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Компексти түзүү – айыл тургундарынын маселесин чечүүгө, жеңил өнөр-жайды өнүктүрүүгө жана бала тарбиялоого багытталган. Долбоорду ишке ашырууга… Кененирээк…