Ош облусунун Кара-Кулжа районунда социалдык комплекс ачылды.
Анын аймагында 90 орундуу бала бакча, тигүү цехи, жатакана жана нан бышыруучу ишкана бар.
Ошондой эле бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Компексти түзүү – айыл тургундарынын
маселесин чечүүгө, жеңил өнөр-жайды өнүктүрүүгө жана бала тарбиялоого багытталган.
Долбоорду ишке ашырууга 42 миллион сом сарпталды. Курулуш иштери демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.