Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда коронавируска каршы чара көрүлөт

Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда коронавируска каршы чара көрүлөт.

Кабыл алынган чечимдер Республикалык штабдын жыйынынан кийин жарыяланат, — деп билдирет

саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында,

штабга ар бир район эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат берип турат. Ага жараша жергиликтүү

бийлик жана эпидемиологдор чечим кабыл алышат. Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалга

байланыштуу Бишкектеги коомдук унааларда санитардык нормалар күчөтүлдү.

Соода борборлорундагы балдар ойноочу аянттар эртеңден тартып жабылат.