Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош,
Суусамыр – Талас -Тараз, Каракол-Эңилчек, Ала-Бука – Жаңыбазар — Кировка,
Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Бишкек – Нарын — Торугарт,
Казарман – Актал — Чат, Ош — Сары-Таш, Сары-Таш – Дароот-Коргон — Кара-Мык
унаа жолдорунда кар массасы түшүшү күтүлөт. Тилкелерде кар күрткүсү жаралып,
жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалар ортосундагы аралык сакталышы зарыл.