Пара талап кылуу фактысы боюнча эки тергөөчү кармалды

Бишкекте опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жана Аламүдүн РИИБинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн А.К. аттуу кызматкери менен Аламүдүн РИИБинин Д.Б. аттуу кызматкери өз кызыкчылыктары үчүн… Кененирээк…

Футбол боюнча европалык Суперлига ишин баштабай жатып токтотту

Европадагы бир катар алдыңкы клубдар Суперлига турнирине катышуудан баш тарткандыктан мелдеш токтотулду. Бул тууралуу аталган уюмдун уюштуруучуларынын билдирүүсүнө таянып «Чемпионат» маалымат булагы жазды. Эскерте кетсек, европалык Суперлига континенттеги 20 мыкты клубду бир лигага чогулткан долбоор болгон. Алды менен «Манчестер Юнайтед», «Арсенал», «Челси», «Тоттенхэм», «Манчестер Сити»,… Кененирээк…

Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңеште «Бир Бол» фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды.   Эл өкүлүнүн мандатын алуу маселеси Борбордук шайлоо комиссиянын бүгүнкү жыйынында каралды. Ага ылайык, Жумалиев кызматтан кетүү боюнча арызын 13-апрель күнү эле жазып, БШКга тапшырган. Бүгүнкү жыйында БШКнын мүчөлөрү депутаттын мандаты боюнча токтом долбоорун… Кененирээк…

Баткенде мунай чыгарган чакан завод ишке кирет

«Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү чакан завод куруп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлады.   Анда айтылгандай, учурда заводду ишке киргизүүгө байланыштуу чаралар аткарылууда. «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому менен жылына 10 тоннага чейин мунай алуу тууралуу келишим… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 161 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 161 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 97, Ошто 5, Чүйдө 44, Таласта 2, Нарында 1, Ысык-Көлдө 12 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 87 миң 390 адам коронавирусту жеңди.

Улуу Британияда компания медициналык беткаптарды жок кылуунун экологиялык ыкмасын ойлоп тапты

Улуу Британияда компания медициналык беткаптарды жок кылуунун экологиялык ыкмасын ойлоп тапты.   Бул калдыктарды өрттөп же таштандыга ыргыткандын ордуна, алар маскаларды эритип жатат. Беткаптар атайын аппараттын ичине 1 саатка салынып, пластик чыгарылат.   Кайра иштетилген сырьё жабдуулар үчүн ящиктерди же отургучтарды жасоодо колдонулат.

Токио олимпиадасына бара турган делегациядагы адамдардын саны кыскартылат

Токио олимпиадасына бара турган делегациядагы адамдардын саны кыскартылат. Буга эмне себеп болгонун Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.   “Азыр өзүңөр да билесиздер, ковид-19га байланыштуу, Япония кыскартууга барып атышат. Бул маселе Улуттук олимпиада комитети тарабынан бекитилет негизи. Алардын өздөрүнүн Эл… Кененирээк…

Прокуратура органдарында коррупция деңгээлин төмөндөтүү үчүн кызматкерлердин ай лыгын жогорулатуу керек

Прокуратура органдарында коррупция деңгээлин төмөндөтүү үчүн кызматкерлердин ай лыгын жогорулатуу керек. Мындай пикирин башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.   Генпрокурордун айтымында, анын өзүнүн айлыгы болгону 28 миң сомду түзөт. Ал эми орун басарлары айына 25 миңден алышат. Областук прокуратура жетекчилеринин маянасы 20 миң, район башчыларыныкы … Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан эмдөө 11 миң адамга жасалды

Кыргызстанда коронавирустан эмдөө 11 миң адамга жасалды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлеринен тышкары, вакцинаны мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү алды.   Учурга карата эмдөөдөн терс реакциялар катталган жок, — дешти борбордон.   Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык вакцинация 29-мартта башталды.… Кененирээк…

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош трассасы кардан тынбай тазаланып, инерттүү материалдар себилип жатат.   Айдоочуларга  этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат. Зарылчылык жок болсо, туруксуз аба-ырайында тоолуу аймактарга сапарга чыкпай туруу оң,… Кененирээк…