Прокуратура органдарында коррупция деңгээлин төмөндөтүү үчүн кызматкерлердин ай лыгын жогорулатуу керек

Прокуратура органдарында коррупция деңгээлин төмөндөтүү үчүн кызматкерлердин ай лыгын жогорулатуу керек. Мындай пикирин башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

 

Генпрокурордун айтымында, анын өзүнүн айлыгы болгону 28 миң сомду түзөт. Ал эми орун басарлары айына 25 миңден алышат. Областук прокуратура жетекчилеринин маянасы 20 миң, район башчыларыныкы   17 миң 500 сомго жетет.

 

Катардагы кызматкерлер тууралуу айта турган болсок, алар айына 12 миң 500 сом алып иштешет, — деди Зулушев.