Электроэнергия үчүн сунушталган тариф үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин күчүнө кирбейт

Электроэнергия үчүн сунушталган тариф үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин күчүнө кирбейт.

Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, тарифтер

боюнча сунуш коомдук талкууга коюлат. Сунуштун бары эске алынып, кээ бири кабыл алынат.

Долбоор андан кийин гана өкмөткө жөнөтүлөт. Бардык процедуралар августтун соңуна чейин аякташы керек.

Эске салсак, буга чейин  президент Садыр Жапаров электроэнергиянын жаңы тарифтерин сунуштаган.