Францияда айрым карантиндик чектөөлөр алынат

Францияда айрым карантиндик чектөөлөр алынат.

РИА Новости билдиргендей, 3-майдан тарта аймактар аралык кыймыл жанданат жана

бара турган жакты көрсөткөн маалым кат талап кылынбайт. Күтүлгөндөй, майдын ортосунан

баштап ресторандар жана маданий мекемелер ачылат. Эске салсак, апрелде Францияда

коронавирустун үчүнчү толкуну башталып, карантин жарыяланган.

Учурда кечки саат 7ден таңкы 6га чейин коменданттык саат күчүндө.

Октябрдан бери кафе, ресторан, бар жана маданий мекемелер иштей элек