Кыргызстанда электр энергиясынын жаңы тарифтери ушул жылдын август айында кабыл алынышы мүмкүн

Кыргызстанда электр энергиясынын жаңы тарифтери ушул жылдын август айында кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика жана өндүрүш министри Кубанычбек Турдубаев жарыялады.   Анын айтымында, тарифтер боюнча токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылып, жарандардын сунуштары дагы эске алынат. Андан кийин өкмөт бир чечимге келет.   Министр белгилегендей,… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 164 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 164 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 94, Чүйдө 44, Ошто 10, Таласта 1, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 3, Баткенде 3 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 87 миң 554 адам коронавирусту жеңди.

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактарда кар жаап жатканы менен, кыймыл татаалданган жок. Ашууларда жолчулар иштеп, карды тынбай тазалап жатат, интерттүү материалдар себилүүдө.   Бишкек – Ош унаа жолуна сапарга чыккан айдоочулар жанында тайгактыкка каршы шаймандарды сөзсүз ала… Кененирээк…

Instagram социалдык тармагында жаңы функция пайда болот

Instagram социалдык тармагында жаңы функция пайда болот. Ал колдонуучуларга жаман билдирүүлөрдү жашырууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңычылдыкты колдонуучу өзү кайра өчүрүп кое алат.   Компаниядан түшүндүрүшкөндөй, соцтармак фильтрге кирген сөздөрдү жана жаман смайликтерди  автоматтык түрдө жашырып турат. Функция көбүнчө жеке каттар бөлүмүнө тиешелүү болот.

Кыргызстанда коронавирустан 12 миң адам эмделди

Кыргызстанда коронавирустан 12 миң адам эмделди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, эң көп вакцина алгандар Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет. Эң аз – Таласта.   Ал эми эмдөөнүн экинчи дозасын азырынча Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун тургундары гана алды.

Өлкөгө россиялык “Спутник V” вакцинасы жакынкы арада жеткирилет

Өлкөгө россиялык “Спутник V” вакцинасы жакынкы арада жеткирилет. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, Москвада биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуп, вакцина тууралуу макулдашты.   Ага ылайык, препаратты жеткирүүгө даярдыктар көрүлүп баштады.   Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта… Кененирээк…

Садыр Жапаров электр энергиясынын жаңы тарифтерин сунуштады

Садыр Жапаров электр энергиясынын жаңы тарифтерин сунуштады. Кечээ энерго тармактын эксперттери менен жолугушууда өлкө башчы энергосектордогу маселелерди тез арада чечүү керектигин белгилеп, бир нече сунуштарды киргизди. Алсак, 77 тыйындык тарифти 74 тыйынга төмөндөтүп, аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн чектөөнү алып салуу сунушталды.   Ошондой эле, Жапаров… Кененирээк…

Жалал-Абадда жер титиреди

22-апрель күнү таңкы саат 04:32де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.   «Жер титирөөнүн очогу Үч-Булак айылынан 7 чакырым түндүк-батыш, Тоскол айылынан 9 чакырым түндүк чыгыш, Жалал-Абад шаарынан 38 чакырым түндүк чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 24-апрелге чейин Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ала-Бука – Жанңы-Базар – Кировка, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ош – Сары-Таш — Иркештам жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл салттуу форматта өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл салттуу форматта өтөт.   Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Тест бардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт, бардык окуучулар беткап менен гана киргизилет.   Тестирлөөгө 42 миң бүтүрүүчү катталды. Эске салсак, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан… Кененирээк…