Ош облусунун Кара-Суу районунда калкты тейлөө борбору пайда болот

Ош облусунун Кара-Суу районунда калкты тейлөө борбору пайда болот.

Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Борборду түзүүгө райондун карамагындагы «Кыргызтелеком» ишканасынын эски имараты берилди.

Учурда объектиде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Күтүлгөндөй, мекеме

майдын башында ачылып, жергиликтүү калкка кызмат көрсөтө баштайт