Чек арадагы куралдуу кагылыштан үй-жайын таштап, айылынан чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун айрымдары үйлөрүнө кайта баштады

Чек арадагы куралдуу кагылыштан үй-жайын таштап, айылынан чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун айрымдары үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Талантбек Назаралы уулу билдирди.

 

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Эске салсак, Баткен жана Лейлек райондорунда кооптуу абал түзүлгөн айылдардан 33 миңден ашык адам көчүрүлгөн. Анын 20 миңге жакыны балдар.