Ошто сентябрда жаштардын инновациялык IT-технологиялык борбору ачылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, IT-технологияларын жергиликтүү жаштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үйрөнө алат.
Борбор алдында ошондой эле жогорку технологиялар паркын ачуу пландалууда. Ал маалыматтык системалар тармагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталат.