Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин жарык Байтик Баатыр, Эркиндик, Турусбеков, Үмөталиев, Гагарин, Бакаев көчөлөрүндө, Тынчтык, Көлмө, Киргизия конуштарында жана Кашка-Суу, Лебединовка, Пригородное, Военно-Антоновка, Садовое айылдарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.