Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспорттордун баасын атады

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспорттордун баасын атады. Жаңы үлгүдөгү документтердин эки түрү бар, алар бири биринен барактардын саны менен айырмаланат. Алсак, 34 барактан турган паспорттун баасы 857 сомду түзөт.   Ал эми 50 барактуу документти алуу 920 сомго айланат. Андан тышкары, банк комиссиясы… Кененирээк…

Таластын мектептери бүгүнтөн тарта аралыктан окууга өттү

Таластын мектептери бүгүнтөн тарта аралыктан окууга өттү. 24 агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүүнүн мындай форматы  10-майга чейин уланат.   Эске салсак, бүгүн ошондой эле, эпидемиологиялык абалга байланыштуу Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын мектептери дагы онлайн форматка өттү. Бишкекте мектептердин бир бөлүгү аралыктан иштеп жатат.

Баткен жана Лейлек райондорунда чек ара жаңжалынан келип чыккан материалдык зыян такталып жатат

Баткен жана Лейлек райондорунда чек ара жаңжалынан келип чыккан материалдык зыян такталып жатат. Унаа жана жолдор министрлигинин атайын комиссиясы жеринде эсептөө иштерин жүргүзүп, объектилерди калыбына келтирүү үчүн атайын комиссия түзүлөт.   Эске салсак, Баткен облусунда жаңжалдан улам ондогон жеке үйлөр, социалдык объектилер, анын ичинде мектептер,… Кененирээк…

Кыргызстан жана Тажикстандын коргоо министрликтери чек ара аймагынан аскер кызматкерлерин жана техникаларын алууну жыйынтыктады

Кыргызстан жана Тажикстандын коргоо министрликтери чек ара аймагынан аскер кызматкерлерин жана техникаларын алууну жыйынтыктады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, эки тараптуу биргелешкен комиссия иштеп жатат, ал буга чейин аскер техникалары ээлеген позицияларды териштирип жатат. Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, түндө… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 202 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 202 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 131, Чүйдө 51, Ошто 6, Нарында 3, Ысык-Көлдө 10, Жалал-Абадда 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 89 миң 921 адам коронавирусту жеңди.

Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйыны августта Кыргызстанда өтөт

Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйыны августта Кыргызстанда өтөт. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, расмий иш-чара Чолпон-Атада 19-20-августка белгиленди. Анын күн тартиби кийин бекитилет.   Эске салсак, кечээ өкмөт аралык кеңештин жыйыны Казань шаарында жыйынтыкталды.

Бишкекте бүгүн биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу башталды

Бишкекте бүгүн биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.   Жаңы үлгүдөгү документтерди даярдоо мөөнөтү – 18 иш күндү түзөт. Май айындагы майрамдарды эске алуу менен, алгачкы биометрикалык чет элдик паспорттор 20-майдан кийин берилип баштайт.   Ведомство… Кененирээк…

Баткенде абал салыштырмалуу тынч

Баткенде абал салыштырмалуу тынч. Бийлик жаңжал учурунда эвакуацияланган кыргызстандыктарды кайрадан чек арага жакын жайгашкан айылдарга, өздөрү туруктуу жашаган аймактарга алып келе баштады.   Соңку маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга тажик тараптын кол салуусунан 34 адам каза болуп, 178 киши жабыркады. Көз жумгандардын үчөө аскер… Кененирээк…

Өзбекстандын өкмөтү күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга 1 миллион сумга чейин төлөп берет

Өзбекстандын өкмөтү күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга   1 миллион сумга чейин төлөп берет. Тиешелүү токтомго кол коюлду. Долбоорго  18 жаштан жогорку курактагы ар бир жаран катыша алат.   Бул үчүн киши атайын сайтка катталышы керек. Күн сайын 10 миң кадамдан ашык баскан… Кененирээк…

Баткен облусунун тургундарына зарыл болгон нерселер үзгүлтүксүз жеткирилиши керек

Баткен облусунун тургундарына зарыл болгон нерселер үзгүлтүксүз жеткирилиши керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов чек арадагы маселени жөнгө салуу боюнча кеңешмеде жарыялады.   Өкмөт башчы жарандарды медициналык препараттар жана гигиена каражаттары менен камсыздоону тапшырды. Ошондой эле,  3 бүгүн облуска  кезектеги гуманитардык жүк жөнөтүлдү.