Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолун каптаган селдин кесепети жоюлду
Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолун каптаган селдин кесепети жоюлду. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда тилкеден унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат. Эске салсак, кечээ унаа жолдун 11-чакырымында сел жүргөн. Аны жоюу иштерине бир катар атайын техникалар жана кызматкерлер тартылды.