Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолун каптаган селдин кесепети жоюлду.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда тилкеден
унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат. Эске салсак, кечээ унаа жолдун 11-чакырымында сел жүргөн.
Аны жоюу иштерине бир катар атайын техникалар жана кызматкерлер тартылды.