Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурдан пайдаланып шылуундар пайда болуп жатканын эскертет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурдан пайдаланып шылуундар пайда болуп жатканын эскертет.

Кеп, гуманитардык жардам чогултуу иштери тууралуу болуп жатат. Ведомстводон билдиришкендей,

министрлик эч кандай чогултуу иштерин жүргүзбөйт, ал болгону координациялайт. Чогултуу иштерин

“Баткенге жардам” штабы аткарат. Учурда аталган штаб аркылуу ордо калаанын 4 районунан

4 күндө 120 тонна гуманитардык жардам чогултулду. Азык-түлүктөр, керектүү буюмдар

аймакка жеткирилип, айылдарга бөлүштүрүлүп жатат. Баткенде азык-түлүк жетиштүү,

товарга муктаждык жок, — деп белгилешти министрликтен.