Бүгүн саат 13:31де Кытайдын аймагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркаларында жайгашып, Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 25 чакырым, ал эми Каракол шаарынан түштүк тарапты карай 135 чакырым алыстыкта болгон.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин титирөөсү сезилген жок.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



