“Кыргыз темир жолу” ишканасында коррупциялык схема аныкталды.
УКМКдан билдиришкендей, мекеменин жетекчилиги тарабынан былтыр майдан тартып
быйыл апрелге чейин эки ишкананын дарегине 500 миллион сомдон ашык которулган.
Сумма, товар-материалдарды жеткирүү үчүн деп көрсөтүлгөн. Анын ортосунда
«Кыргыз темир жолу» көрсөтүлгөн мөөнөттө аталган компаниялар менен келишим түзбөгөнү аныкталды.
Учурда келтирилген зыянды тактоо уланууда. Тергөөнүн алкагында мекеменин каржы департаментинин башчысы,
2 ишкананын жетекчилери, «Кыргыз темир жолунун» башчысы жана анын уулу кармалды.