Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери уланууда

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери уланууда.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, иштер 18-майда башталды.   Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом каралды. Ремонт  10-августка чейин аяктайт деп пландалууда. Эске салсак, Максат айылындагы мектеп кыргыз-тажик чек арасындагы… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ кечинде суу агындылары Кыдыраалы айылындагы 18 үйдүн короосун каптады.   Тазалоо иштерине айыл өкмөтүнөн атайын техника, 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылды. Алар суу агымын арыктарга буруп, башка… Кененирээк…

Сузакта экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иш козголду

Сузакта экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнгөнү, тоюнда биринчи келинчеги жана балдары аларды куттуктаганы тартылган видео июндун башында интернетке тараган. Милиция фактыны… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү. Өлкөдө күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу 15-июнга чейин сел жүрүү коркунучу бар. Бул күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордун жашоочулары этият болушу зарыл.

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Түйүндөрдөн 14-июнда унаалар өткөрүлбөйт. Бул кытайда өтө турган күрүч майрамын белгилөөгө байланыштуу. Пункттар кайра эле эртеси, 15-июнда ишин жандантат. Эске салсак, учурда «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул жерлерден… Кененирээк…

Бишкектеги Абдрахманов – Москва көчөлөр кесилишиндеги сейил бак жарыктандырылды

Бишкектеги Абдрахманов – Москва көчөлөр кесилишиндеги сейил бак жарыктандырылды. «Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эс алуу аймагына көчө чырактарын орнотуп, электр зымдарын тартты. Белгилеп кетсек, буга чейин сейил бак иретке келтирилген. Анда отургучтар, балдар аянтчасы, таштанды челектери пайда болду жана фонтандар сырдалып, оңдоо иштери жүргүзүлүп, эски… Кененирээк…

«Шамбала» тасмасы Испаниядагы эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргызстандык режиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Испаниядагы эл аралык кинофестивалга катышат. «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришкендей, иш-чара 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. Анда биздин тасма толук метраждуу бөлүктө ат салышат. Кошумчаласак, «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Кинокартина буга чейин  «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы конуштардын жолдоруна кум-шагыл төшөө иштери уланууда

Бишкектеги жаңы конуштардын жолдоруна кум-шагыл төшөө иштери уланууда. Ордо калаа муниципалитетинен билдиришкендей, быйылкы тизмеге 61 көчө кирди. Алардын ущундугу чакырымды түзөт. Мэриядан белгилешкендей, айрым көчөлөргө кум-шагыл төшөө иштери жыйынтыкталды.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кечинде жааган катуу жаандын кесепетинен Кадыраалы айылындагы 18 турак жайдын короосун суу каптады. Тазалоо иштерине эки экскаватор, 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды. Суу ташкынын кесепетин жоюу иштери уланууда.

“Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү бир күнгө ишин токтотту

“Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү бир күнгө ишин токтотту. Мамлекеттик каттоо кызматынан түшүндүрүшкөндөй, аталган бөлүм жайгашкан көчөдө жол оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин жарык өчүрүлдү. Андан улам ишкана бүгүн жабык болот. Жарандарга кызмат алуу үчүн башка бөлүмдөргө кайрылуу сунушталат.