Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
кечээ кечинде жааган катуу жаандын кесепетинен Кадыраалы
айылындагы 18 турак жайдын короосун суу каптады.
Тазалоо иштерине эки экскаватор, 5 куткаруучу жана
жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.
Суу ташкынын кесепетин жоюу иштери уланууда.