Кыргызстан Түркия ортосундагы аба каттамдар көбөйтүлөт

Кыргызстан Түркия ортосундагы аба каттамдар көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Режеп Таип Эрдоган жарыялады. Анын айтымында учурда эки өлкө ортосундагы аба жолдору жумасына 28 ирет уюштурулуп жатат. Белгилеп кетсек, буга чейин июндун башында Стамбул – Бишкек – Стамбул багытындагы каттамдар көбөйтүлгөн. Муну менен эки өлкө жарандары… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алуу 13-июнда аяктайт

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алуу 13-июнь, ушул жекшембиде аяктайт. Бул тууралуу БШКдан эскертишти. Андан белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата 18 партия добуш берүүгө катышуу ниетин билдирип, алар каттоого алынды. Ал эми үгүттөө өнөктүгү  21-июнда старт алат, ал 10-июлга чейин созулат.… Кененирээк…

Нур-Султанда “Манас” үчилтигинин бириктирилген варианты казак тилинде жарык көрдү

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Нур-Султан шаарында Казакстандын улуттук академиялык китепканасында казакстандык жалгыз манасчы, акын Баянгали Алимжановдун казак тилиндеги “Манас” – “Семетей” жана “Сейтек” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, казак акыны Алимжанов китептин мазмунун түшүнүктүү жана… Кененирээк…

Ош шаарынын айрым аймактарында газ өчүрүлөт

Ош шаарынын айрым аймактарында газ өчүрүлөт. “Казпром Кыргызстан” ишканансынын маалыматына ылайык, бүгүн саат 10дон 4кө чейин Курманжан Датка, Маидов, Кыргыз, Киев көчөлөрүндө көгүлтүр от берилбейт. Убактылуу өчурүүлөр авариялык абалдарды жөнгө салуу иштерине байланыштуу.

Нарын облусунун Жумгал районундагы бала бакчалар жабылды

Нарын облусунун Жумгал районундагы бала бакчалар жабылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, 34 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин райондук штаб кабыл алды. Бул эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Кошумчаласак,  Жумагалдагы бакчалар 1-мартта туруктуу иштеп баштаган. Алардын иши июндун аягында токтотулмак.

Кыргызстанда үч ай ичинде бензиндин баасы 23 пайызга жогорулады

Кыргызстанда үч ай ичинде бензиндин баасы 10 сомго, же 23 пайызга жогорулады. Мындай маалымат GlobalPetrolPrices тарабынан берилди. 1-мартка карата 1 литр бензиндин баасы 43 сомду түзсө, 7-июнга карата 53 сомго жетти. Салыштырмалуу айта турган болсок, дүйнөдө бензиндин орточо баасы 130 сомго барабар. Кошумчаласак, дүң жана… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн Мьянма менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн Мьянма менен беттешет. Оюндар Япониянын Осака шаарында Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өтүп жатат. Беттеш түз алып көрсөтүлөт. Эске салсак, 7-июнда Монголия менен беттеште Кыргызстан 0:1 эсебинде жеңилди. Оюнга эки саат калганда биздин 4 оюнчу ковидге… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 7ге чейин Үсөнбаев, Күреңкеев, Кудайбергенов, Табалдиев, Токтоналиев, Троицкий көчөлөрүндө, «Арча-Бешик», «Кара-Жыгач» жана «Көк-Жар» конуштарында жарык жок болот.

Өзбекстандык автобустардын биринчи партиясы Кыргызстанга келди

Өзбекстандык автобустардын биринчи партиясы Кыргызстанга келди. Мэриянын маалыматына ылайык, анын алкагында 50 автобустун келиши күтүлүүдө. 21 унаа ордо калаага жеткирилди. Бир жуманын ичинде калгандары дагы келет. Муниципалитеттен белгилешкендей, коомдук унаалар газ менен иштейт жана анда жүрүү ыңгайлуу. Пландалгандай алар ордо калаанын борбордук бөлүгүнө кое берилет.… Кененирээк…

Facebookтун бардык кызматкерлерине аралыктан иштөөгө уруксат берилди

Facebookтун бардык кызматкерлерине аралыктан иштөөгө уруксат берилди. Муну менен 60 миң жумушчу онлайн форматтагы иш графигин тандай алат, — деп билдирди Bloomberg. Жетекчилик эскерткендей, кызматкерлер жашоо деңгээли төмөн аймакка көчүп кетсе, алардын маянасы жогорулайт. Пландалгандай, сентябрга чейин соцтармактын АКШдагы кеңселеринин көпчүлүгү 50 пайызга толуп, октябрда толук ачылат.