Нарын облусунун Ак-Талаа районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ кечинде суу агындылары Кыдыраалы айылындагы 18 үйдүн короосун каптады.

 

Тазалоо иштерине айыл өкмөтүнөн атайын техника, 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылды. Алар суу агымын арыктарга буруп, башка үйлөрдү каптоодон куткарды. Тазалоо иштери уланууда.