Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери
убактылуу жабылат. Түйүндөрдөн 14-июнда унаалар өткөрүлбөйт. Бул кытайда өтө
турган күрүч майрамын белгилөөгө байланыштуу. Пункттар кайра эле эртеси,
15-июнда ишин жандантат. Эске салсак, учурда «Торугарт» жана «Эркечтам»
көзөмөл бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы,
бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.