“Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү бир күнгө ишин токтотту

“Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү бир күнгө ишин токтотту.

Мамлекеттик каттоо кызматынан түшүндүрүшкөндөй, аталган бөлүм жайгашкан

көчөдө жол оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин

жарык өчүрүлдү. Андан улам ишкана бүгүн жабык болот.

Жарандарга кызмат алуу үчүн башка бөлүмдөргө кайрылуу сунушталат.