Москвада мигранттарды эмдөө боюнча массалык кампания старт алды

Москвада мигранттарды эмдөө боюнча массалык кампания старт алды.   Бул үчүн бир компоненттүү “Спутник Лайт” вакцинасы колдонулуп жатат. Москва мэриясынын сайтындагы маалыматка ылайык, мигранттарды эмдөө пилоттук режимде, иш берүүчүлөрдүн арыз-кайрылуусунун негизинде жүрөт.   Белгилеп кетсек, расмий маалыматка ылайык, Россияда ушул тушта 700 миңден ашык кыргызстандык… Кененирээк…

Кыргызстан жана Түркмөнстан кыргыз-түркмөн фондун түзүү боюнча макулдашты

Кыргызстан жана Түркмөнстан кыргыз-түркмөн фондун түзүү боюнча макулдашты.   Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө болгон расмий сапарында жарыяланды. Фонддун уставдык капиталы 100 миллион долларды түзөт.   Каражат бириккен бизнес-долбоорлорду колдоого багытталат. Ошондой эле, Кыргызстанга күзгү-кышкы сезондо түркмөн газын жана электр энергиясын жеткирүү, Бишкекте… Кененирээк…

Кыргызстанга Түркиянын улуттук коргоо министри баштаган топ келди

Кечээ Кыргызстанга Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар мырза баштаган аскер делегациясы иш сапары менен келди. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.   Расмий топ Кыргызстан менен Түркиянын коргоо ведомстволорунун ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын алкагында келишкен. Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев… Кененирээк…

SpaceX Кыргызстанда Starlink өкүлчүлүгүн ачууну пландап жатат

SpaceX Кыргызстанда Starlink өкүлчүлүгүн ачууну пландап жатат.   Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев компаниянын улук менеджери Брайан Шепис менен жолукту. Эки тарап алыскы район жана айылдардагы мектептерди, социалдык объектилерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.   SpaceX компаниясы техникалык талаптар боюнча кененирээк маалымат берүүнү… Кененирээк…

Кара-Балтанын көчөлөрүндө 68 видео байкоо камералары орнотулат

Кара-Балтанын көчөлөрүндө 68 видео байкоо камералары орнотулат. Бул тууарлуу 24 агенттигине шаар мэриясынан билдиришти. Шаймандар орнотула турган тилкелер жана интернет-провайдер аныкталды.   Белгилеп кетүүчү нерсе – камералар жол эрежелерин бузууларды каттабайт, алардын башкы максаты  — коомдук коопсуздукту камсыздоо.   Бирок кийин бул мүмкүнчүлүк дагы каралышы… Кененирээк…

Казакстандан гуманитардык жардам иретинде келген ун сатылат

Казакстандан гуманитардык жардам иретинде келген ун сатылат. Анын ордуна министрлер кабинети буудай сатып алуу ниетинде, — дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.   Андан түшүндүрүшкөндөй, ундун сапаты жана сактоо мөөнөтү жакшы эле. Болгону аба-ырайы нымдуу болуп жатканда, аны көпкө сактоо мүмкүн болбойт.   Андыктан, гуманитардык жүктү сатуу… Кененирээк…

Европа чемпионатынын күндөлүгүнөн

Бүгүн футбол сүйүүчүлөрүн плей-офф бөлүктүн дагы 2 мыкты беттеши күтүп турат. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до Лондондун Уэмбли стадионунда Германия – Англия курамалары беттешет.   Ал эми түнкү саат 1де оюн талаасына Украина – Швеция командалары чыгат. Эки жолугушууда жеңишке жеткен курамалар жекшембиде өз… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлдү. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин жарык Орозбеков, Боталиев, Скрябин, Медеров, Токтогул, Фучик, Исанов көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жана Ак-Босого, Арча-Бешик, Балбан-Таймаш, Ала-Тоо конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоого бюллетендердин формасы жана тексти бекитилди

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоого бюллетендердин формасы жана тексти бекитилди.   БШКнын маалыматына ылайык, документтерде   3 калаада тең талапкерлигин жылдырган партиялар көрсөтүлөт.   Бюллетендер 3-июлга чейин дбасылып, 8-июлга чейин аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлөт. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоо… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-апрелге карата калктын 71,2 пайызында коронавируска карата  антителосу бар

Кыргызстанда 1-апрелге карата калктын 71,2 пайызында коронавируска карата  антителосу бар. Бул тууралуу “Профилактикалык медицина” борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.   Анын айтымында, 28 пайызда антитело такыр жок, бул болжол менен 1 миллион 800 миң адамды түзөт. Учурда алардын бардыгы бир учурда коронавирус жуктуруп алуу коркунучу… Кененирээк…