Кыргызстанга Түркиянын улуттук коргоо министри баштаган топ келди

Кечээ Кыргызстанга Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар мырза баштаган аскер делегациясы иш сапары менен келди. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 

Расмий топ Кыргызстан менен Түркиянын коргоо ведомстволорунун ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын алкагында келишкен. Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушат.

 

“Жолугушууда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин аскердик, аскердик-техникалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланмакчы”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле делегация «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине бармакчы.