Лука Модрич Хорватия курамасындагы карьерасын жыйынтыктады.
Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүндөгү Хорватия-Испания беттеши ал үчүн акыркы оюн болду.
35 жаштагы Лука Модрич курамада өткөргөн оюндардын саны боюнча рекорд койду – 142. Улуттук команда үчүн ал 18 гол киргизген. Хорватия менен бирге Модрич 2018-жылкы дүйнө чемпионатында экинчи орунга ээ болуп, мундиальдын “Алтын тобуна” арзыган.
Лука Модрич “Реал Мадриддеги” карьерасын улантат. Бул клуб үчүн ал 2012-жылдан бери ойноп келет.