Аксыда сел агызып кеткен эки бөбөк табыла элек

ӨКМ эртең менен саат 06:55ке карата берген маалыматында Аксы районундагы сел сегиз адамды агызып кеткенин билдирди. Учурда алты адамдын сөөгү табылып, беш жаштагы бала жана үч жашар кыз дайынсыз болууда. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин 26 куткаруучусу, Аксы райондук милициянын 7 кызматкери жана… Кененирээк…

Европа чемпиону наамын утуп алган Италия курамасынын сый акысы белгилүү болду

Европа чемпиону наамын утуп алган Италия курамасынын сый акысы белгилүү болду.   УЕФА жеңишке жеткен курамага 28 миллион евро тапшырды. Айрым маалыматтарга ылайык, “скуадра адзурранын” ар бир футболчусуна 250 миң евродон тапшырылат. Ал эми финалда утулуп калган Англия курамасынын футболчуларына 200 миң евродон тиет.  … Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш массанын жүрүү коркунучу 14-июлга чейин сакталат. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкекте 4,5 миңден ашык керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн

Бишкекте 4,5 миңден ашык керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, ордо калаадагы электр энергиясы үчүн дебитордук карыздын суммасы 8 миллион сомду түзөт.   Эртең автоматташкан система мындай керектөөчүлөрдүн жарыгын аралыктан өчүрүп баштайт. Андыктан, тез арада эсеп-дүмүрчөктөрдү төлөө сунушталат. Төлөмдөрдү терминалдар… Кененирээк…

Кытайдын Sinopharm вакцинасы Ошко жеткирилип, эмдөө түйүндөрүнө таратылды

Кытайдын Sinopharm вакцинасы Ошко жеткирилип, эмдөө түйүндөрүнө таратылды. Коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы менен Ош облусуна 85 миң, Ош шаарына 50 миң доза жеткирилди.   Жалпысынан облуска  175 миң, шаарга 110 миң доза бөлүнгөн. Калкты тез арада эмдөө үчүн базарларда, ири дүкөндөрдө кошумча атайын эмдөөчү… Кененирээк…

Кербен шаарынын мэри үчүнчү ирет шайланган жок

Кербен шаардык кеңеши үч жолу тең мэр шайлай алган жок. Мындан улам депутаттарды таратуу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Казыбек Шадыбеков билдирди.   «БШК Кербен шаардык кеңешин таратып, кайра шайлоо дайындоо тууралуу президентке… Кененирээк…

Европа чемпионатынын оюндарына 1 миллион 99 миң көрүүчү катышты

Европа чемпионатынын оюндарына 1 миллион 99 миң көрүүчү катышты. РИА Новости маалымдагандай, плей-офф беттештер 455 миң адамды чогултса, тайпалык оюндарды көрүүгө 650 миңден ашык адам келди.   Эң эле көп футбол сүйүүчүлөрү финалдык Англия-Италия оюнуна келди. Белгилеп кетүүчү нерсе, алгач чемпионатты пандемия үчүн көрүүчүсү жок… Кененирээк…

Аксы районунда  нөшөрлөгөн жаандан сел жүрүп, жети кишини суу агызып кетти

Аксы районунда  нөшөрлөгөн жаандан сел жүрүп, жети кишини суу агызып кетти.   Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты. Андан такташкандай, учурда ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.   Сел ички чарбачылык жолдорду жууп, көпүрөлөрдү дагы талкалады.