Кытайда мектеп окуучуларынын формасына атайын чиптер орнотулуп жатат.
Бул балдардын жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн жасалууда. Эгер окуучу “кооптуу” деп көрсөтүлгөн аймакта болсо, анда мугалимге жана ата-энелерге дароо билдирме келет.
Бирок айрым ата-энелер мындай жаңычылдыкка каршы чыгууда. Алардын пикиринде бийлик “адамдарды көзөмөлдөө” жаатында аша чаап жатат.