Макдональдс компаниясы Францияда крандан аккан сууну сатып баштады

Макдональдс компаниясы Францияда крандан аккан сууну сатып баштады. Бул менюга жаңы азык киргизген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, компания сууну бөтөлкөдө жеткирген фирма менен кызматташуусун токтотту.

 

Мындай жол менен Макдональдс компаниясы пластикти колдонууну азайтуу ниетинде.

 

Атайын чыпкадан өткөн суунун бир стаканы    150 сомдон сатылат.