Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери фармацевтикалык компаниялардын ишинде мыйзам бузууларды аныктады

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери фармацевтикалык компаниялардын ишинде мыйзам бузууларды аныктады.

 

Атайын кызматтын өкүлдөрү компаниянын кеңселеринде жана сактоочу жайларында тинтүү жүргүзүп, эки бухгалтерия жүргүзүлгөнүн аныкташты.

 

Аларды чиновниктер коргоп жүргөнү дагы ачыкталды. Андан тышкары, айрым препараттардын наркы жашырылып, бул салыктарды төлөбөй, калкка дарыларды жогорулатылган баада сатууга мүмкүнчүлүк берген. Компаниянын жетекчилеринин бири камакка алынды. Катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жүрүүдө.