«Спутник V» вакцинасы менен эмделгендер АКШга кире албайт

Ноябрь айынан тарта «Спутник V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмделгендер АКШга кире албайт. Бул вакцинаны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана америкалык бийлик тастыктаган эмес.

 

Буга чейин ДСУ «Россиянын вакцинасын чыгарган фабрикалардын биринде өндүрүштүк иштер тийиштүү талапты аткарбай жатканын» жарыялаган.

Washington Post гезити «Спутник V» вакцинасы дүйнөнүн төрт миллиарддай адам жашаган 70 өлкөсүндө тастыкталып, 448 миллион дозасы чет өлкөгө сатылганын кабарлаган.

Орусиянын туристтик операторлор биримдигинин аткаруучу директору Мая Ломидзенин айтымында, россиялыктар Сербия менен Германияга көп барып жатышат. Бул эки өлкөгө бир апталык саякаттын баасы 50 миң рубль болууда.