Кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

31-августта Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз-казак эл аралык айтышы жыйынтыкталды. Байге фонду үч миллион сомду түзгөн бул айтышка Казакстандан сегиз акын катышты. Алар: Бөрүбай Орозумбетов, Айбек Калиев, Нурмат Мансуров, Мухтар Ниязов, Нурлан Эсенкулов, Аспанбек Шугатаев, Эржеңис Эбдиев, Алтынбек Ибрагимов. Ал эми кыргыз акындарынан Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Турат Жумаев, Мундузбек Борончуев катышты.

 

Кош байгелүү кыргыз-казак айтышында баш байгеге Асылбек Маратов менен Айбек Калиев татыктуу болду, аларга ар бирине 450 миң сомдон тапшырылды.

1-орунга (350 миң сомдон) акындар Акматбек Султан уулу менен Асанбек Шугатаев, 2-орунга (250 миң сомдон) Турат Жумаев менен Нурмат Мансуров, 3-орунга (150 миң сомдон) Кубат Тукешов менен Бөрүбай Орозумбетов ээ болду.

 

Калган сегиз акынга 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

 

31-августта жыйынтыкталган XIV эл аралык айтыштын тандоо туру 20-августта “Манас” кинотеатрында өткөн. Анда республикадан жалпы 44 акын катышып, сегиз акын кийинки турга жолдомо алган.

 

Бул жолку айтыш Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына, республикалык «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналып уюштурулду.