Быйыл электр энергиясынын тартыштыгынан улам Кара-Балта шаарындагы кышкы бассейн иштебейт.
Турмуш басылмасы билдиргендей, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бассейн толук электр
энергия менен жылытууга өткөн. Ал эми кышкы бассейн ишке кирсе белгиленген лимиттен
3 эсе көп энергия сарптайт. Бул үнөмдөө эрежесин бузууга алып келет. Ошондой эле,
жарыкты максаттуу пайдалануу үчүн Кара-Балта шаарындагы айрым көчөлөрдө түнкү жарык өчүрүлдү.