Мамлекеттик жана аскердик жашыруун сырды бузгандыгы үчүн “Кадамжай – унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн начальниги кармалды

Мамлекеттик жана аскердик жашыруун сырды бузгандыгы үчүн “Кадамжай – унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн начальниги кармалды.

 

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бузуулар тергөөнүн алкагында ачыкталды.

 

Жыйынтыгында, майор ээлеген кызматынан бошотулду. Андан тышкары, ага карата башка кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат.

 

Алсак, ал баңги затты мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө. Эске салсак, “Кадамжай – унаа жолу” түйүнү Баткен облусунда Өзбекстан менен чек арада жайгашат.