Бишкекте жана Чүй облусунда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомго чейин кымбаттады

Бишкекте жана Чүй облусунда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомго чейин кымбаттады.

Кара отунга болгон суроо-талап күчөп жатканын “Кыргыз көмүр” ишканасынын

жетекчиси Мирлан Жакыпов айтып берди. Кара-Кече кенинде көмүрдүн бир тоннасы

1 миң 330 сомдон чыгарылат. Бишкекке жеткирүү 2 миң сом турат. Ал эми алып

сатуучулар 1 миң – 1,5 миң сом кошот. Чиновниктин айтымында, быйыл көмүрдүн

кымбатташы жылытуу мезгилине гана эмес, өлкөдө электр энергиянын тартыштыгына

дагы байланыштуу. Учурда өкмөттүн өкүлдөрү жүк ташуучу айдоочулар ассоциациясы

менен көмүрдү жеткирүүдөгү бааларды түшүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.