Нарын шаарынын жаңы мэри шайланат.
БШК добуш берүү күнүн – 22-октябрь деп белгиледи.
Калаа башчыны Нарын шаардык кеңешинин депутаттары тандайт.
Шайлоону мыйзамга ылайык, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык
талаптарды сактоо менен өткөрүү тапшырмасы аймактык шайлоо
комиссиясына берилди. Эске салсак, буга чейин экс-мэр
Самарбек Болотбеков өз макулдугу менен жазган
арызынын негизинде кызматынан бошотулган.