Россияда эмгек мигранттары мекенине насыя которо алышат

Россияда эмгек мигранттары мекенине насыя которо алышат. Бул тууралуу «Ведомости» гезитине компаниялардын директорлор кеңешинин төрагасы Николай Смирнов айтып берди. Жаңычылдык 11-октябрдан тартып белгиленген төлөм системасы аркылуу ишке ашат. Насыяны бир гана компания берет. Баштапкы этапта мигранттар 5 миңден 15 миң рублга чейин ала алышат. 21… Кененирээк…

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кышка даярданууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кышка даярданууда. Мекеменин маалыматына ылайык,  3 тоннага жакын туз сатып алындыды. Ушуну менен кышкы сезонго жалпысынан 4 миң тонна туз даярдалды. Учурда көчөлөрдүн жана унаа жолдорун тазалоо иштери калааны көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүрүп жатат.

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 6га чейин Садыгалиев, Садырбаев, Элебесов, Енисей, Фирсов, Новостроевский, Памирский, Арал көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ынтымак, Ала-Арча, Арча-Бешик, Рухий Мурас жана Ак-Босого конуштарында жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр турак жайлар ичиндеги түйүндөрдү оңдоо, зым тартуу… Кененирээк…

Быйыл жөлөк пулдарды көтөрүү үчүн 450 миллион сом керектелет

Быйыл жөлөк пулдарды көтөрүү үчүн 450 миллион сом керектелет. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 1-октябрдан тартып майыптыгы бар балдардын пособиелери 50 пайызга көтөрүлөт. Ал эми 2022-жылдын январынан тартып жөлөк пул 100 пайызга көбөйөт. Бул максатта 3 миллиард сомдон ашык керектелет. Каржылоо булагы -мамлекеттик… Кененирээк…

Инстаграмда эми бир саатка чейинки видеолорду киргизсе болот

Инстаграмда эми бир саатка чейинки видеолорду киргизсе болот. Жаңычылдык “IGTV” аталышын өзгөртүп “Instagram TV” деп аталат. Муну менен колдонуучулар 60 мүнөткө чейинки видеону тиркемеден чыкпай эле лентадан көрө алышат. “Instagram TV” ар түрдүү форматтагы видеолорду кармай алат

Кыргызстанда көгүлтүр от бир жылда 5 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда көгүлтүр от бир жылда 5 пайызга кымбаттады. “Газпром Кыргызстан” ишканасынын тарифтер боюнча маалыматына ылайык, көгүлтүр отундун 1 кубу үчүн калк 18 сом 0,6 тыйын төлөсө, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн 21 сом 79 тыйындан. Ал эми былтыр октябрда тарифтер 17 сом 20 тыйын жана… Кененирээк…

Бишкектеги жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр алууга жардам берилет

Бишкектеги жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр алууга жардам берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жардамды ордо калаадагы 4 миңден ашык үй-бүлө ала алат. Ар бирине орточо эсеп менен 5 миң сомдон туура келет. Бул үчүн 21 миллион 400 миң сом бөлүнөт. Учурда… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Таймашта спортчу украиналык Aнастасия Шустова менен кез келди. Оюн 12:1 эсебинде кыргызстандык спортчунун пайдасына чечилди. Медет кызы буга чейин россиялык, болгариялык жана эстониялык спортчуларды жеңген. Эске салсак, аталган чемпионатта Кыргызстан капчыгында бирден алтын, күмүш… Кененирээк…

Бишкекте жакынкы аралыкта 35 көмүр сатуу түйүн ачылат

Бишкекте жакынкы аралыкта 35 көмүр сатуу түйүн ачылат. Мэриядан билдиришкендей, учурда ордо калаада 13 көмүр капмасы иштеп жатат. Алтоо отун базасы болсо, жетөө стационардык түйүн. Белгилеп кетсек, быйыл Бишкекте кара отун жылдагыдан кымбат болуп, Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 4 миң 700 сомдон 5 миң сомго чейин… Кененирээк…

Кыргызстандыктар электр энергиясын чегинен ашырып колдонууда

Кыргызстандыктар электр энергиясын чегинен ашырып колдонууда. “Улуттук электр тармактарынан” билдиришкендей, 5-октябрда калктын керектөөсү 7 миллион кВт саатка ашты. Буга чейин сентябрда колдонулган электр энергиясы нормадан 890 миллион киловатт-саатка көп болгон. Бул өз кезегинде кышкысын жарык менен камсыздоо иштерине тоскоолдук жаратат. Андан улам, кыргызстандыктарга электр энергиясын… Кененирээк…