Кыргызстанда көгүлтүр от бир жылда 5 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда көгүлтүр от бир жылда 5 пайызга кымбаттады.

“Газпром Кыргызстан” ишканасынын тарифтер боюнча маалыматына ылайык,

көгүлтүр отундун 1 кубу үчүн калк 18 сом 0,6 тыйын төлөсө, коммерциялык жана

бюджеттик уюмдар үчүн 21 сом 79 тыйындан. Ал эми былтыр октябрда

тарифтер 17 сом 20 тыйын жана 20 сом 80 тыйын болчу.

Белгилеп кетсек, баалардын өсүшү быйыл сентябрда дагы катталды.