Россияда эмгек мигранттары мекенине насыя которо алышат.
Бул тууралуу «Ведомости» гезитине компаниялардын директорлор
кеңешинин төрагасы Николай Смирнов айтып берди. Жаңычылдык
11-октябрдан тартып белгиленген төлөм системасы аркылуу ишке ашат.
Насыяны бир гана компания берет. Баштапкы этапта мигранттар 5 миңден
15 миң рублга чейин ала алышат. 21 күндүн ичинде пайыз алынбайт,
андан кийин күнүнө 1 пайыздык чен коюлат.
Насыяны байланыш салондорунан алса болот.