Кыргызстанда айыл-чарба техникаларын сатып алууга насыя берилет

Кыргызстанда айыл-чарба техникаларын сатып алууга насыя берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.   Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоо максатында насыя берүүгө 426,5 миллион сом бөлүндү.   Насыя банк аркылуу чарба жүргүзүүчү субъекттерге… Кененирээк…

Алдыдагы парламенттик шайлоолорго карата жалпысынан 2 миңден ашык шайлоо участогу ачылат

Алдыдагы парламенттик шайлоолорго карата жалпысынан 2 миңден ашык шайлоо участогу ачылат. Бул тууралуу бизге БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.   “Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле, чет мамлекеттерде жалпысынан 2 миң 493 шайлоо участкасы ачылды. 2 миң 4493 участоктун 58и бул чет мамлекеттерде… Кененирээк…

Баткенде аткезчиликке каршы атайын топтор түзүлөт

Бүгүн, 7-октябрда Баткен облусундагы Орто-Боз айыл аймагында аткезчиликке каршы күч органдары жана чек арачылардан турган атайын топторду түзүүгө байланыштуу жыйын өттү.   Ага президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын Баткен аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү… Кененирээк…

62 сааттык рекорд!

62 сааттык рекорд! Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү “Кыргызстан обондору” радиостанциясы дүйнөлүк рекорд орнотту! Ди-джейлер Арсен Курамаев, Бермет Айдарова жана Абай Темиров 62 саат бою тынбай түз эфир алып барышты. Масштабдуу иш-чара мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулду. Эфирдин алкагында студияга кыргыз эстрадасынын алдыңкы жылдыздары Гүлнур Сатылганова,… Кененирээк…

Кыргызстандын борбордук аймактарына жылуу аба-ырайы 12-октябрдан тартып кайтып келет

Кыргызстандын борбордук аймактарына жылуу аба-ырайы 12-октябрдан тартып кайтып келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, кийинки жумадан тартып аба-ырайы кескин өзгөрөт. Асмандан булуттар тарап, жаан-чачын токтойт. Бирок түнкүсүн +5 градустан жогорулабайт. Күндүз абанын табы жагымдуу болуп, +15 градуска чейин жогорулайт. Мындай аба-ырайы октябрдын аягына чейин сакталат.

Бишкек мектептерине 264 мугалим жетишпейт

Бишкек мектептерине 264 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуу жылынын башталышында муниципалдык мектептерге 400 мугалим жетишсиз болчу. Ваканттык бош орундар жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен толукталат. Андан тышкары, бош орундар аралаш багыттагы мугалимдер менен дагы жабылат. Алсак, так илимдер… Кененирээк…

Баткен районунда көп тармактуу социалдык комплекс ачылды

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Курук-Сай аймагында көп тармактуу социалдык комплекс ачылды. Жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, бул жерде бардык шарты менен 150 орундуу мектеп, жабдууланган ФАП, дүкөн жана мечит жайгашат. Долбоор чет элдик уюм тарабынан каржыланды.

Быйыл Бишкекте күзгү-кышкы сезонго даярдык эрте башталды

Быйыл Бишкекте күзгү-кышкы сезонго даярдык эрте башталды. Былтыр жылуулук 9-октябрда берилсе, быйыл 4 күнгө эрте берилди, — деди мэр Айбек Жунушалиев. Анын айтымында, азырынча жылуулукка 50 оорукана, 71 бала бакча, 65 мектеп жана 2 миң турак жай кошулду. Калаа башчысы белгилегендей, андан тышкары, ордо калаада… Кененирээк…

Октябрдын аягында көмүр арзандайт

Октябрдын аягында көмүр арзандайт. Учурда өлкө калкы жеткирүү кызматын кошкондо кара отундун тоннасын 5 миң 500 сомдон сатып алууда. Бирок, жакынкы 20 күндө көмүрдүн наркы төмөндөйт, — деп “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов ишендирүүдө. Анын айтымында, бул жыл сайын кайталанчу тенденция. Бүгүнкү күңдө… Кененирээк…

Кыргызстандын төрт облусунда үшүк жүрүп, абанын температурасы төмөндөйт

Кыргызстандын төрт облусунда үшүк жүрүп, абанын температурасы төмөндөйт. Кыргызгидромет борборунан эскертишкендей, бүгун түндө Чүй облусунда -2 градуска жетсе, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында -4 градуска жеткен үшүк жүрөт. Мындай аба-ырайынын шарттары жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.