Быйыл жөлөк пулдарды көтөрүү үчүн 450 миллион сом керектелет.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей,
1-октябрдан тартып майыптыгы бар балдардын пособиелери 50 пайызга көтөрүлөт.
Ал эми 2022-жылдын январынан тартып жөлөк пул 100 пайызга көбөйөт. Бул максатта
3 миллиард сомдон ашык керектелет. Каржылоо булагы -мамлекеттик бюджет