Бишкектеги жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр алууга жардам берилет.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
жардамды ордо калаадагы 4 миңден ашык үй-бүлө ала алат. Ар бирине орточо
эсеп менен 5 миң сомдон туура келет. Бул үчүн 21 миллион 400 миң сом бөлүнөт.
Учурда аярлуу катмардын көбүнө акчалай жардам берилип,
бул максатта 18,5 миллион сом компенсация төлөндү.