Бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөр 300дөн ашты

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 13-октябрга карата 308 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр. БШКнын маалыматына караганда, 12-октябрда 80 киши арыз тапшырды. БШК арыз тапшыргандардын 36сын расмий талапкер катары каттады. Бүгүн, 13-октябрь бир мандаттуу округдан… Кененирээк…

“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата акцияга катышкан жарандардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты

“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата акцияга катышкан жарандардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Жалпы планеталык ишембиликке жарым миллиондон ашык кыргызстандык катышты.   Республика боюнча 3 миң тоннадан көп таштанды чогулду, анын 89 тоннасы кайра иштетүүгө жөнөтүлдү. Жыйнап-тазалоо иштерине мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, коммерциялык уюмдар, ыктыярчылар… Кененирээк…

Август, сентябрда кызыл аймактарда иштеген медицина кызматкерлерине атайын төлөмдөр бериле элек

Август, сентябрда кызыл аймактарда иштеген медицина кызматкерлерине атайын төлөмдөр бериле элек. Бюджетте азырынча акча жок.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Дарыгерлерге каражат ушул же кийинки жумада берилет, — деп пландалууда.   Белгилеп кетсек, кызыл аймакта бир күн иштөө үчүн дарыгерлерге 3 миң сом,… Кененирээк…

Индияда чиновниктин үйүнө кирген ууру эч нерсе таппай, жини келип, кат таштап кетти

Индияда чиновниктин үйүнө кирген ууру эч нерсе таппай, жини келип, кат таштап кетти. Кылмышкер салык кызматынын начальнигинин орун басарынын үйүн тоноого кирип, дээрлик акча таппай койгон.   Кетип баратып ал кагазга “Үйдө акча жок болсо, аны эмнеге жабасын?” деп жазып кетти. Учурда ууруну полиция издеп… Кененирээк…

Жаан-чачындан улам Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Жаан-чачындан улам Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ошондой эле, трассада кар күрткүлөр пайда болуп, муз тоңду.   Буга байланыштуу, айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү сунушталат.

“Арча-Бешик — 2” конушунда жаңы мектеп курулууда

“Арча-Бешик — 2” конушунда жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 500 орунга чакталган. Анда окуу корпусу, ашкана, спорт жана акты залдары каралган.   Долбоорду ишке ашырууга 1 миллион доллардан ашык жумшалат деп пландалууда. Каражат Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүндү.

“Бишкек жылуулук энерго”  коммуналдык ишканасынын бардык 66 буу казаны толук кубаттуулукта иштеп жатат

“Бишкек жылуулук энерго”  коммуналдык ишканасынын бардык 66 буу казаны толук кубаттуулукта иштеп жатат.   Жылуулукка 12 оорукана, 14 бала бакча, 41 мектеп, 8 жогорку окуу жай жана 26 бюджеттик уюм кошулду.   Андан тышкары, жылуулук турак-жайлардын басымдуу бөлүгүнө берилди, айрымдары гана жеке техникалык тейлөөдө болгондуктан,… Кененирээк…

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин олуттуу терс таасирлер катталган жок

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин олуттуу терс таасирлер катталган жок. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.   Андан такташкандай, дене табынын бир аз көтөрүлүшү, ийне сайылган жердин оорушу, баштын ооруусу жана башка майда таасирлер катталып жатты. Бул күтүлгөн эле реакция, мындай жол менен организм препаратка… Кененирээк…

Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ооганстандын Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилгенин кабарлады.   Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 7-октябрдан 9-октябрга чейин УКМКнын атайын экспедициялык тобу Кичи жана Чоң Памирде жашаган кыргыздарга Тажикстан аркылуу барып, азык-түлүк жеткирген. Коопсуздукту сактоо максатында өкмөт бекиткен тизме… Кененирээк…

Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды

12-октябрда Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр, «Кумтөр иши» боюнча камалган Темир Сариевдин адвокаттарынын аппеляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сариевдин тарапташтары билдирди. Экс-премьер-министрдин 100гө жакын тарапташы соттун имаратынын алдына чыгып, аны бошотууну талап кылышты. 24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту… Кененирээк…