Август, сентябрда кызыл аймактарда иштеген медицина кызматкерлерине атайын төлөмдөр бериле элек. Бюджетте азырынча акча жок.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Дарыгерлерге каражат ушул же кийинки жумада берилет, — деп пландалууда.
Белгилеп кетсек, кызыл аймакта бир күн иштөө үчүн дарыгерлерге 3 миң сом, медайымдарга 2,5 миң сомдон, санитарларга 2 миң сомдон берилет.