“Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын бардык 66 буу казаны толук кубаттуулукта иштеп жатат.
Жылуулукка 12 оорукана, 14 бала бакча, 41 мектеп, 8 жогорку окуу жай жана 26 бюджеттик уюм кошулду.
Андан тышкары, жылуулук турак-жайлардын басымдуу бөлүгүнө берилди, айрымдары гана жеке техникалык тейлөөдө болгондуктан, жылуулукту берүү чечимин дагы өз алдынча кабыл алышат.