“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата акцияга катышкан жарандардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Жалпы планеталык ишембиликке жарым миллиондон ашык кыргызстандык катышты.
Республика боюнча 3 миң тоннадан көп таштанды чогулду, анын 89 тоннасы кайра иштетүүгө жөнөтүлдү. Жыйнап-тазалоо иштерине мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, коммерциялык уюмдар, ыктыярчылар жана катардагы жарандар катышты.