Бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөр 300дөн ашты

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 13-октябрга карата 308 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр. БШКнын маалыматына караганда, 12-октябрда 80 киши арыз тапшырды.

БШК арыз тапшыргандардын 36сын расмий талапкер катары каттады.

Бүгүн, 13-октябрь бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышуу үчүн арыз тапшыруунун акыркы күнү. Ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчоо каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ушул күндөрү партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин тактап жатат.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.